Скрыть
12:3
12:4
12:8
12:11
12:14
Рехабамдын бийлиги чыњдалып, кєч-кубаттуу болгон кезде, ал Тењирдин мыйзамдарын таштады жана аны менен кошо бєт Ысрайыл эли да таштады.
Рехабамдын падышачылыгынын бешинчи жылында Мисир падышасы Шишак Иерусалимге каршы бет алды (анткени алар Тењирден четтеп кетишкен).
Ал бир мињ эки жєз майдан арабасы жана алтымыш мињ атчан аскери менен кол салды. Аны менен кошо Мисирден эсепсиз кљп луптуктар, суктуктар, эфиопиялыктар келишти.
Ал Жєйєт аймагындагы чыњдалган шаарларды каратып алып, Иерусалимге келди.
Ошондо Шишактан качып, Иерусалимге келген Жєйєт аймагынын тљрљлљрєнљ жана Рехабамга Шемая пайгамбар келип, мындай деди: «Тењир мындай дейт: “Силер Мени таштап койгондуктан, Мен силерди Шишактын колуна салып берем”».
Ошондо жєйєт тљрљлљрє менен падыша моюн сунуп: «Тењир адилет!» – дешти.
Тењир алардын моюн сунганын кљргљндљ, Шемаяга Тењирден мындай деген сљз болду: «Булар моюн сунушту, аларды кырып жок кылбайм, жакында куткарам, Иерусалимге Шишактын колу менен каарымды тљкпљйм.
Бирок Мага кызмат кылуу кандай экенин жана жердеги падышаларга кызмат кылуу кандай экенин билиши єчєн, алар ага кул болушат».
Мисир падышасы Шишак Иерусалимге кирип, Тењир єйєндљгє казыналар менен падыша єйєндљгє байлыктарды алды. Сулайман жасаган алтын калкандар менен буюмдардын бардыгын алды.
Падыша Рехабам алардын ордуна жез калкандарды жасап, падыша єйєн кайтарган сакчылардын башчыларынын колуна берди.
Падыша Тењир єйєнљ киргенде, сакчылар аларды кљтљрєп келип, кайра сакчылардын бљлмљсєнљ алып кетишчє.
Ал моюн сунгандан кийин, Тењир каарданганын токтотту, анын тукумун биротоло жок кылган жок, анткени Жєйєт аймагында жакшы нерсе бар эле.
Рехабамдын падышачылыгы чыњдалып, Иерусалимде падышачылык кыла берди. Рехабам падыша болгондо кырк бир жашта эле. Тењир Љзєнєн ысымын орнотуш єчєн, Ысрайылдын бардык урууларынын ичинен Љзє тандап алган Иерусалим шаарында он жети жыл бийлик кылды. Анын энесинин аты – Наама, ал амондук болчу.
Ал жаман иштерди кылды, анткени жєрљгєн Тењирди издљљгљ бурган жок.
Рехабамдын алгачкы жана акыркы иштери Шемая пайгамбардын жазууларында жана кљрљгљч Ыданын санжырасында жазылган. Рехабам љмєр бою Жаробам менен согушуп келди.
Рехабам кљз жумуп, ата-бабалары жаткан жайга кошулуп, Дљљттєн шаарына коюлду. Анын ордуна уулу Абиям падыша болду.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible