Скрыть
10:3
10:4
10:6
10:7
10:9
10:11
10:13
10:14
10:17
10:19
Рехабам Шекемге жљнљдє, анткени бєт ысрайылдыктар аны падыша кылыш єчєн, Шекемге келишкен эле.
Небаттын уулу Жаробам бул тууралуу угары менен Мисирден кайтып келди, анткени ал Сулаймандан качып, Мисирде жашап турган.
Ага киши жиберип чакыртышты. Жаробам менен бєткєл Ысрайыл келип, Рехабамга мындай дешти:
«Сенин атањ бизге оор моюнтурук салган, сен эми атањдын бизге салган оор моюнтуругун жана оор жумушун жењилдет, ошондо биз сага кызмат кылабыз».
Рехабам аларга: «Yч кєндљн кийин мага кайра келгиле», – деди. Эл тарап кетти.
Рехабам падыша атасы Сулайман тирєє кезинде анын алдында турган аксакалдар менен кењешип, алардан: «Кандай кењеш бересињер, бул элге эмне деп жооп берейин?» – деп сурады.
Алар: «Эгерде сен бул элге жакшы мамиле кылсањ, алардын кљњєлєн алсањ, алар менен жакшы сєйлљшсљњ, анда алар сага љмєр бою кул болушат», – дешти.
Бирок ал аксакалдар айткан акылды укпай, љзєнєн алдында турган, љзє менен бирге љскљн жаш мырзалар менен кењешти.
Аларга: «Кандай кењеш бересињер, “Атањ башыбызга салган оор моюнтурукту жењилдет”, – деп жаткан элге эмне деп жооп берейин?» – деди.
Аны менен бирге љскљн жаш мырзалар ага мындай дешти: «“Атањ бизди эзген, сен ал моюнтурукту жењилдет”, – деген элге сен: “Атамдын белинен менин чыпалагым жоонураак,
атам силерге оор моюнтурук салса, мен аны андан бетер оорлотом, атам силерди камчы менен сабаса, мен силерди тикенектєє камчы менен жазалайм”, – дегин».
Жаробам менен бєт эл Рехабамга єчєнчє кєнє келишти, анткени ал: «Yч кєндљн кийин кайра келгиле», – деп айткан эле.
Ошондо падыша аларга катаал жооп берди. Рехабам падыша аксакалдардын акылын укпай, жаш мырзалардын кењеши боюнча мындай деди:
«Атам силерге оор моюнтурук салган, мен аны андан бетер оорлотом, атам силерди камчы менен жазаласа, мен силерди тикенектєє камчы менен жазалайм».
Ошентип, падыша элдин љтєнєчєн укпай койду, анткени бул Тењирдин шилолук Акия аркылуу Небаттын уулу Жаробамга айткан сљзє ордунан чыгышы єчєн, Кудайдан болгон эле.
Падыша алардын сљзєн укпай койгонун кљргљн ысрайылдыктардын баары ага: «Дљљттљ биздин кандай єлєшєбєз бар? Жышайдын уулунда єлєшєбєз жок. Љз єйєњљргљ тарагыла, Ысрайыл! Эми љз урууњду бил, Дљљт», – дешти. Ысрайылдыктар єйлљрєнљ тарап кетишти.
Рехабам Жєйєт шаарларында турган Ысрайыл уулдарына гана падыша болуп калды.
Рехабам Адонурам башчыны салык чогултканы жибергенде, Ысрайыл эли аны таш барањга алып љлтєрдє. Рехабам падыша арабасына отуруп, Иерусалимге качып жљнљдє.
Ысрайыл ошондон бєгєнкєгљ чейин Дљљт тукумуна каршы.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible