Скрыть

ПАДЫШАЛАР КИТЕБИ 1, Глава 9

Толкования
Толкования главы
    9:1
    9:3
    9:5
    9:7
    9:8
    9:9
    9:10
    9:11
    9:14
    9:17
    9:18
    9:19
    9:20
    9:22
    9:23
    9:24
    9:25
    9:26
    9:27
    Бенжемин уруусунда Киш деген атактуу киши бар эле. Ал – Абиел уулу, Абиел – Серор уулу, Серор – Бехорат уулу, Бехорат – бенжеминдик Апийахтын уулу.
    Анын Шабул деген жаш, келишимдєє уулу бар эле. Ысрайылдыктарда андан келишимдєє эч ким жок болчу. Ал узун бойлуу эле, элдин баары анын ийнинен келчє.
    Шабулдун атасы Киштин ургаачы эшектери жоголуп кетип, Киш љз уулу Шабулга мындай деди: «Тур, кулдардын бирин алып, эшектерди издеп кел».
    Алар Эпрайым тоосу менен Шалиша жеринен љтєштє, бирок табышкан жок. Шаалим жеринен љтєштє, ал жактан да таппай коюшту. Бенжемин жеринен да љтєштє, бирок таба алышкан жок.
    Алар Зуп жерине келгенде, Шабул жанындагы кулуна: «Артка кайталы, атам эшектери єчєн эмес, биз єчєн кабатыр болуп жєрбљсєн», – деди.
    Бирок кулу ага: «Ушул шаарда Кудайдын кишиси бар, ал – кадырлуу адам. Ал эмнени айтса, ошонун баары ордунан чыгат. Азыр ошол жерге баралы. Балким, ал бизге кайсы жол менен барууну кљрсљтєп берер», – деди.
    Шабул кулуна: «Барса баралы, бирок ал кишиге биз эмне алып барабыз? Анткени баштыгыбыздагы наныбыз тєгљндє, Кудайдын кишисине алып барчу белегибиз да жок. Эмнебиз бар?» – деди.
    Кулу Шабулга мындай деп жооп берди: «Менин колумда чейрек кємєш шекел бар. Мен аны Кудайдын кишисине берем, ал бизге жол кљрсљтєп берет».
    Мурун Ысрайылда Кудайдын эркин билєє єчєн кимдир бирљљ бара жатканда: «Кљрљгљчкљ баралы», – дешчє, анткени азыр пайгамбар деп аталган киши мурда кљрљгљч деп аталчу.
    Шабул кулуна: «Туура айтасыњ, жєр баралы», – деди. Анан Кудайдын кишиси жашаган шаарга жљнљштє.
    Алар шаарга бет алып, жогору кљздљй жљнљшкљндљ, суу алганы чыккан кыздарга жолугуп, алардан: «Бул жерде кљрљгљч барбы?» – деп сурашты.
    Кыздар аларга мындай деп жооп беришти: «Бар, ал алдыњан чыгат, бирок шашыл, анткени шаарга ал бєгєн келди, себеби эл бєгєн бийик жерге чогулуп, курмандык чалмак.
    Аны шаарга киргенињерде, ал тамак жеш єчєн бийик жерге жљнљй элегинде табышыњар мємкєн, анткени ал келмейинче, эл тамакка отурбайт, себеби ал курмандыкка бата сурайт, андан кийин чакырылгандар тамак жей башташат. Жљнљгєлљ, ага азыр жолугасыњар».
    Алар шаарга жљнљштє. Шаардын ортосуна киришкенде, бийик жерге бет алган Шемуел алардын алдынан чыкты.
    Шабул келерден бир кєн мурун Тењир Шемуелге мындай деп билдирген:
    «Бенжемин жеринен эртењ ушул убакта Мен сага киши жиберем. Сен аны Менин элим Ысрайылга башкаруучу кылып майла, ал Менин элимди пелиштиликтердин колунан куткарат, анткени Мен элимди кљрдєм, анын боздогон єнє Мага жетти».
    Шемуел Шабулду кљргљндљ, Тењир ага мындай деди: «Мен айткан киши ушул. Бул Менин элимди башкарат».
    Шабул дарбазанын жанына, Шемуелге келип, андан: «Кљрљгљчтєн єйє кайда, мага айтып коёсуњбу?» – деп сурады.
    Шемуел Шабулга: «Кљрљгљч менмин, менин алдымда бас, бийик жерге жєр. Бєгєн силер мени менен тамактанасыњар, сени эртењ менен коё берем, жєрљгєњдљгєнєн баарын сага айтып берем.
    Ал эми єч кєн мурда жоголгон ургаачы эшектерињен кам санаба, алар табылды. Ысрайылдагы баалуу нерсе кимге таандык? Сага жана атањдын тукумуна таандык эмеспи?»
    Шабул ага: «Мен Ысрайылдын эњ кичине уруусу Бенжеминдин уулу эмесминби? Менин єй-бєлљм Бенжемин уруусундагы єй-бєлљлљрдєн эњ кичинекейи эмеспи? Сен муну мага эмнеге айтып жатасыњ?» – деди.
    Шемуел Шабулду жана анын кулун бљлмљгљ киргизди да, отузга жакын чакырылган кишинин арасынан аларды биринчи орунга отургузду.
    Анан Шемуел ашпозчуга: «“Љзєнчљ алып кой”, – деп, мен сага берген устуканды алып кел», – деди.
    Ашпозчу сан этти жанындагысы менен алып, Шабулдун алдына койду. Шемуел мындай деди: «Бул сага калтырылган, алдыња коюп же. Анткени мен элди чакырганда эле, бул ушул убакытка чейин сен єчєн сакталып турган». Шабул ошол кєнє Шемуел менен бирге тамактанды.
    Алар бийик жерден шаарга тєшєштє. Шемуел Шабул менен єйдєн чатырында сєйлљштє.
    Эртеси кєнє эртењ менен эрте Шемуел Шабулга: «Тур, мен сени узатайын», – деп, єйдєн чатырына чакырды. Шабул туруп, Шемуел менен єйдљн чыкты.
    Алар шаардын четине жеткенде, Шемуел Шабулга: «Кулуњду алдыга баса бер де», – деди. Ал алдыга кетти. «Сен болсо токтой тур, мен сага Кудайдын эмне деп айтканын айтып берейин», – деди.
    Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
    Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
    Цитата из Библии каждое утро
    TG: t.me/azbible
    Viber: vb.me/azbible