Скрыть
4:2
4:4
4:5
4:6
4:10
4:12
4:13
4:14
4:15
4:16
4:17
4:18
4:19
4:20
4:22
Шемуел бєт Ысрайылга сљз сєйлљдє. Ысрайылдыктар пелиштиликтерге каршы согушка чыгышып, кошуундары менен Эбен-Айзерге жайгашышты, пелиштиликтер болсо Апейикке жайланышышты.
Пелиштиликтер Ысрайылга каршы катарга тизилишти, катуу салгылаш болду. Пелиштиликтер ысрайылдыктарды кыйратышты, согуш талаасында алардын тљрт мињге жакын адамын љлтєрєштє.
Анан эл кошуунга келди. Ысрайыл аксакалдары: «Бєгєн Тењир бизди пелиштиликтердин алдында эмне єчєн талкалады? Шилодон Тењирдин келишим сандыгын алалы, ал биздин арабызда болсун, ошондо ал бизди душмандарыбыздын колунан сактайт», – дешти.
Ошентип, эл Шилого кишилерди жиберди. Алар ал жерден керуптардын єстєндљ отурган Себайот Тењирдин келишим сандыгын алып келишти. Ал эми Кудайдын келишим сандыгынын жанында Эйлинин эки уулу Копни менен Пинехас да бар эле.
Тењирдин келишим сандыгы кошуунга келгенде, бєт Ысрайыл катуу кыйкырып жиберди, жер дєњгєрљп кетти.
Пелиштиликтер катуу кыйкырыкты укканда: «Эврейлердин кошуунунан эмне єчєн мындай катуу кыйкырык чыгып жатат?» – дешти. Анан алар кошуунга Тењирдин келишим сандыгы келгенин билишти.
Ошондо пелиштиликтер коркуп: «Алардын кошуунуна Кудай келди», – дешти. Дагы мындай дешти: «Бизге кайгы! Анткени мындай нерсе мурун болгон эмес.
Кайгы бизге! Бул кудуреттєє Кудайдын колунан бизди ким куткара алат? Чљлдљ мисирликтерди ар кандай жазалар менен кырган Кудай ушул.
Пелиштиликтер, эврейлер силерге кул болгондой, силер да аларга кул болбошуњар єчєн, белињерди бек бууп, кайраттуу болгула. Кайраттуу болгула, алар менен салгылашкыла!»
Пелиштиликтер салгылашышты, ысрайылдыктар жењилип, ар кимиси љз чатырына качты. Зор кыйроо болду. Ысрайылдын отуз мињ жљљ адамы кырылды.
Кудайдын келишим сандыгын тартып алышты. Эйлинин эки уулу Копни менен Пинехас љлдє.
Бенжеминдик бир киши согуш майданынан качып, ошол эле кєнє Шилого келди. Анын сырткы кийими айрылган, башы топурак эле.
Ал келгенде, Эйли дарбазанын жанында, жол боюндагы отургучта отурган, анткени Кудайдын келишим сандыгы єчєн ал кабатыр болуп жаткан. Ал киши келип, шаарга жарыя кылганда, бєт шаар боздоп жиберди.
Эйли боздогон єндє угуп: «Бул эмне деген ызы-чуу?» – деди. Ошол маалда тиги киши келип, Эйлиге жарыя кылды.
Ошол учурда Эйли токсон сегиз жашта эле. Анын кљздљрє тунарып кљрбљй калган.
Тиги киши Эйлиге мындай деп айтты: «Мен согуш талаасынан келдим, майдандан бєгєн качып келдим». Эйли андан: «Эмне болду, уулум?» – деп сурады.
Кабарчы мындай деп жооп берди: «Ысрайыл пелиштиликтерден качты, эл зор кыйроого учурады, эки уулуњ тењ – Копни да, Пинехас да љлдє, Кудайдын келишим сандыгын тартып алышты».
Ал Кудайдын келишим сандыгы жљнєндљ айтканда, Эйли дарбазанын алдындагы отургучта отурган жеринен чалкасынан кетип, кыр аркасы сынып љлдє, анткени ал карып калган эле, салмактуу да болчу. Ал кырк жыл Ысрайылдын башкаруучусу болду.
Келини, Пинехастын аялы, кош бойлуу болчу, тљрљтє жакындап калган эле. Ал Кудайдын келишим сандыгын тартып алышканын, кайын атасы менен кєйљљсєнєн љлгљнєн укканда, тизелеп жыгылып, тљрљп салды, анткени кєтєлбљгљн жерден толгоосу келип калган эле.
Ал љлєп бара жатканда, жанында турган аялдар ага мындай дешти: «Коркпо, уул тљрљдєњ». Бирок ал жооп берген жок, буга кљњєл да бљлгљн жок.
Тењирдин келишим сандыгы тартылып алынгандыктан, кайын атасы менен кєйљљсє љлгљндєктљн, «Ысрайылдан атак-дањк кетти», – деп, ал балага Ихабот деген ат койду.
Аял мындай деп айтты: «Ысрайылдан атак-дањк кетти, анткени Кудайдын келишим сандыгы тартылып алынды».
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible