Скрыть

ПАДЫШАЛАР КИТЕБИ 1, Глава 14

Толкования
Толкования главы
    14:1
    14:2
    14:4
    14:5
    14:7
    14:8
    14:9
    14:10
    14:11
    14:12
    14:13
    14:14
    14:16
    14:17
    14:19
    14:21
    14:23
    14:24
    14:25
    14:27
    14:28
    14:29
    14:30
    14:31
    14:32
    14:34
    14:36
    14:38
    14:39
    14:40
    14:42
    14:46
    14:47
    14:52
    Шабулдун уулу Жонатан бир кєнє курал кљтљргљн жигитине: «Жєр, аркы беттеги пелиштиликтердин тобуна љтєп баралы», – деди. Бирок атасына бул жљнєндљ айткан жок.
    Шабул Гибанын чет жагында, Мигрондогу анар жыгачынын тєбєндљ эле. Анын жанында алты жєздљй адам,
    ошондой эле Ихаботтун бир тууганы, Акитуптун уулу, Тењирдин Шилодогу ыйык кызмат кылуучусу, эфод кийген Акия да бар эле. Ихабот – Пинехастын уулу, Пинехас – Эйлинин уулу. Жонатандын кеткенин эл билген жок.
    Пелиштиликтердин тобуна жетиш єчєн, Жонатан љтљ турган љткљљлдєн эки жагында тењ аска бар эле. Бирљљнєн аты – Ботсес, экинчисиники – Сене.
    Бир аска тєндєктљгє Мукмасты, экинчиси тєштєктљгє Гибаны карап турчу.
    Жонатан курал кљтљргљн жигитине: «Жєр, бул сєннљткљ отургузулбагандардын тобуна љтљлє. Балким, Тењир бизге жардам берер, анткени кљп киши аркылуу болобу, аз киши аркылуу болобу, Тењир єчєн куткаруу кыйын эмес», – деди.
    Ошондо ага курал кљтљргљн жигити мындай деп жооп берди: «Жєрљгєњдљ эмне болсо, ошонун бардыгын кыл. Каалаган жагыња бара бер, мен сени менен барам».
    Жонатан ага мындай деди: «Биз тиги кишилерге љтљбєз да, аларга кљрєнљљ турабыз.
    Эгерде алар бизге: “Биз силерге баргыча, токтоп тургула”, – десе, анда ордубузда туруп турабыз, жогору чыкпайбыз.
    Эгерде алар: “Жогору чыгып, бизге келгиле”, – десе, анда жогору чыгабыз, анткени Тењир аларды биздин колубузга салып берди. Бул биз єчєн белги болот».
    Алар пелиштиликтердин тобуна кљрєнљљ чыгышканда, пелиштиликтер: «Эврейлер жашынган єњкєрлљрєнљн чыгып жатышат», – дешти.
    Анан Жонатанга жана анын курал кљтљргљн жигитине топтогу кишилер мындай деп кыйкырышты: «Жогору чыгып, бизге келгиле, биз силерге бирдеме айтабыз». Ошондо Жонатан курал кљтљргљн жигитине: «Артымдан ээрчи, анткени Тењир аларды Ысрайылдын колуна салып берди», – деди.
    Жонатан тырмышып, жогору чыга баштады, артында анын курал кљтљргљн жигити келе жатты. Пелиштиликтер Жонатандын алдында кулап жатты, курал кљтљргљн жигити болсо анын артынан аларды љлтєрєп бара жатты.
    Жонатан менен анын курал кљтљргљн жигитинин ушул биринчи соккусунан кош љгєз менен бир кєндљ иштеткен талаанын жарымына жыйырмага жакын киши сулап калды.
    Ошондо талаадагы кошуунда жана бєткєл элде коркунуч туулду. Алдыњкы катардагы топторду жана жерди кыйратуучуларды калтырак басты. Бєт жер солкулдады, Тењирдин улуу коркунучу басты.
    Бенжеминдин Гибасындагы Шабулдун сакчылары элдин чачырап, туш-тушка качканын кљрєштє.
    Ошондо Шабул жанындагы элге мындай деп кайрылды: «Карап чыгып, биздин арабыздан ким чыгып кеткенин билгиле». Карап чыгышканда, Жонатан менен анын курал кљтљргљн жигити жок болуп чыкты.
    Ошондо Шабул Акияга: «Кудайдын келишим сандыгын алып кел», – деди. Анткени Кудайдын келишим сандыгы ал убакта Ысрайыл уулдарынын жанында эле.
    Шабул ыйык кызмат кылуучу менен сєйлљшєп турганда, пелиштиликтердин кошуунунда дєрбљлљњ улам кєчљп бара жаткан. Ошондо Шабул ыйык кызмат кылуучуга: «Колуњду тєшєр», – деди.
    Шабул жана анын жанындагы эл кыйкырып, согуш майданына келди. Ошол жерде ар бир адамдын кылычы љз жакынына каршы шилтенип, аябай чоњ дєрбљлљњ болуп жатыптыр.
    Ошондо буга чейин эле пелиштиликтердин жанында, алар менен кошуунда чогуу жєргљн эврейлер да Шабул менен Жонатандын жанындагы ысрайылдыктарга кошулушту.
    Эпрайым тоосунда жашынган бардык ысрайылдыктар пелиштиликтердин качканын угуп, салгылашып жаткан љз кишилерине кошулушту.
    Ошол кєнє Тењир Ысрайылды куткарды. Кыргын Бейт-Абенге чейин болду.
    Ошол кєнє Ысрайылдын кишилери чарчашты. Шабул болсо элге мындай каргыш айтты: «Душмандарымдан љчємдє алгыча, кечке чейин наар алган кишиге каргыш тийсин!» Ошондо элден эч ким тамак жеген жок.
    Бєткєл эл токойго кетти, токойдун ичиндеги ачык жерде бал бар эле.
    Эл токойго кирип: «Мына, бал агып жатат», – деди. Бирок эч ким колун сунуп оозуна алган жок, анткени эл каргыштан коркту.
    Атасынын элге каргыш айтканын Жонатан уккан эмес, андыктан колундагы таягынын учун балга малып, оозуна тийгизгенде, жандана тєштє.
    Элдин арасынан бир киши ага мындай деп айтты: «Сенин атањ: “Бєгєн наар алганга каргыш тийсин”, – деген. Эл ошондон алсырап турат».
    Жонатан мындай деди: «Менин атам элди азапка салды, карагылачы, мынабу балдан бир аз ооз тийгенде, жандана тєштєм.
    Эл бєгєн душмандан тартып алган олжодон азыктанып алганда, пелиштиликтердин кыйроосу мындан да зор болбойт беле».
    Алар ошол кєнє пелиштиликтерди Мукмастан Айалонго чейин талкалашты. Эл абдан алсырады.
    Анан эл олжого жабылып, койлорду, љгєздљрдє, музоолорду алып, ошол жерде союп, каны менен жеди.
    Ошондо Шабулга: «Эл этти каны менен жеп, Тењирдин алдында кєнљљ кылып жатат», – деп кабарлашты. Шабул: «Силер кєнљљ кылдыњар. Эми мага бир чоњ ташты тоголотуп келгиле», – деди.
    Шабул дагы мындай деди: «Элди аралап айткыла, ар бири љз љгєзєн, љз коюн мага алып келип, бул жерге союп жесин, бирок Тењирдин алдында кєнљљ кылбагыла, каны менен жебегиле». Ошондо бєт эл, ар бири љз љгєзєн тєнє менен алып келип, ошол жерге сойду.
    Шабул Тењирге арнап курмандык чалынуучу жай курду. Бул анын Тењирге арнап курган биринчи курмандык чалынуучу жайы эле.
    Анан Шабул мындай деди: «Тєн ичинде пелиштиликтерди артынан кууп, тањ атканга чейин талап-тонойбуз, бир да кишисин калтырбайбыз». Алар: «Сага эмне жакса, ошону кыл», – дешти. Ыйык кызмат кылуучу болсо: «Ушул жерден Кудайга кайрылалы», – деди.
    Ошондо Шабул Кудайдан: «Пелиштиликтердин артынан кууп барайынбы? Аларды Ысрайылдын колуна салып бересињби?» – деп сурады. Бирок Кудай ошол кєнє ага жооп берген жок.
    Ошондо Шабул мындай деди: «Бардык эл башчылар бул жерге келсин. Бєгєн кєнљљ кимде экенин иликтеп билишсин.
    Анткени Ысрайылды куткарган Тењир тирєє, эгер уулум Жонатан кєнљљлєє болуп чыкса, ал да љлљт». Бирок бєт элдин ичинен ага эч ким жооп берген жок.
    Анан Шабул бардык ысрайылдыктарга мындай деди: «Силер бир тарапка тургула, мен жана уулум Жонатан бир тарапка турабыз». Эл Шабулга: «Сага эмне жакса, ошону кыл», – деди.
    Шабул Тењирге: «Ысрайылдын Кудай-Тењири! Жышаан бер», – деди. Жонатан менен Шабулдун айыбы ачылып, эл ак болуп чыкты.
    Ошондо Шабул: «Уулум Жонатан экљљбєздєн ортобузга љкчљмљ таш ыргыткыла», – деди. Љкчљмљ таш Жонатанга тєштє.
    Шабул Жонатанга мындай деди: «Эмне кылдыњ эле? Мага айтып бер». Жонатан ага мындай деп жооп берди: «Колумдагы таяктын учу менен бир аз бал таттым эле. Эми мен љлєшєм керек».
    Шабул ага: «Тењир мени жазаласын, катуу жазаласын, Жонатан, бєгєн сен љлєшєњ керек!» – деди.
    Бирок эл Шабулга мындай деди: «Ысрайылга ушунчалык улуу куткарууну алып келген Жонатан љлєшє керекпи? Мындай болбосун! Тењир тирєє, анын башынан бир да тал чач жерге тєшпљйт, анткени бєгєнкє ишти ал Кудай менен кылды». Эл Жонатанды бошотту, ал љлбљй калды.
    Шабул пелиштиликтерди кууганын токтотуп, кайтып келди. Пелиштиликтер болсо љз жерине кетишти.
    Шабул љзєнєн Ысрайылдын єстєнљн болгон падышачылыгын бекемдеди. Ал бардык тараптагы душмандары менен: мааптыктар, амондуктар, эдомдуктар, шобаптыктар жана пелиштиликтер менен согушуп, кимге каршы чыкпасын, бардык жерде жењишке жетип турду.
    Аскерлерин чогултуп, амалыктыктарды да талкалады. Ошентип, Ысрайылды талоончуларынын колунан куткарды.
    Шабулдун уулдары: Жонатан, Ишпи жана Малкишуа, ал эми эки кызынын аты: улуусунуку Мейрап, кичєєсєнєкє Михал эле.
    Шабулдун аялынын аты – Акинаам, ал – Акимаастын кызы. Анын аскер башчысынын аты – Абенер, ал Шабулдун агасы Нейирдин уулу болгон.
    Шабулдун атасы Киш менен Абенердин атасы Нейир Абиелдин уулдары болушкан.
    Шабулдун љмєрє љткљнчљ, пелиштиликтерге каршы айыгышкан согуштар болуп турду. Шабул кєчтєє, эр жєрљк адамды кљргљндљ, аны жанына алчу.
    Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
    Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
    Цитата из Библии каждое утро
    TG: t.me/azbible
    Viber: vb.me/azbible