Скрыть
13:1
13:5
13:7
13:9
13:10
13:11
13:12
13:13
13:16
13:20
13:21
13:23
Шабул Ысрайылга падышачылык кылганына бир жыл болгондон кийин, экинчи жылы падышачылык кылып жатканында, љзєнљ ысрайылдыктардан єч мињ кишини тандап алды.
Мукмаста жана Бейтел тоосунда Шабул менен эки мињ киши болду, мињи болсо Бенжеминдин Гибасында Жонатан менен болчу. Калган элди ал єйлљрєнљ коё берди.
Жонатан пелиштиликтердин Гибадагы кєзљт тобун талкалады. Бул жљнєндљ пелиштиликтер угушту, Шабул болсо: «Эврейлер угушсун!» – деп, бєт љлкљгљ сурнай тартты.
Бєт Ысрайыл Шабулдун пелиштиликтердин кєзљт тобун талкалаганын жана пелиштиликтерге Ысрайыл жек кљрєндє болгонун укту. Ошондо эл Гилгалга, Шабулдун алдына чогулду.
Пелиштиликтер Ысрайыл менен согушуу єчєн чогулушту: отуз мињ майдан араба, алты мињ атчан, дењиз жээгиндеги кумдай сансыз эл. Пелиштиликтердин кошууну Бейт-Абендин чыгышындагы Мукмаска жайланышты.
Ысрайылдыктар љздљрєнєн коркунучтуу абалда экенин, кысымга алынганын кљрєшкљндљ, єњкєрлљргљ, капчыгайларга, аска-зоолордун арасына, казылган орлорго жана ањгектерге жашынышты.
Эврейлердин кээ бирлери Иордандын аркы љйєзєнљ Гат жана Гилат љлкљсєнљ љтєштє. Шабул Гилгалда болчу жана анын жанындагы бардык элдин єрљйє учуп турган эле.
Шабул жети кєн, Шемуел белгилеген мљљнљткљ чейин кєттє, Шемуел болсо Гилгалга келбей жатты. Эл Шабулду таштап, туш-тушка тарай баштады.
Ошондо Шабул: «Бєтєндљй љрттљлєєчє курмандык менен тынчтык курмандыктарына даярдалганды мага алып келгиле», – деди. Анан ал бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыкты љрттљдє.
Ал бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыкты љрттљп бєтљрє менен Шемуел келди. Шабул аны менен саламдашуу єчєн, алдынан тосуп чыкты.
Шемуел ага: «Бул эмне кылганыњ?» – деди. Шабул ага: «Эл мени таштап, туш-тушка тарай баштады. А сен белгиленген убакта келген жоксуњ. Пелиштиликтер болсо Мукмаска жыйналып калышты.
Ошондо мен: “Пелиштиликтер эми Гилгалга келип, мага кол салышат, мен болсо Тењирдин эркин алиге чейин сурай элекмин”, – деп ойлодум. Ошондуктан бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыкты љрттљљгљ батындым», – деп жооп берди.
Шемуел Шабулга: «Кудай-Тењирињдин сага берген буйругун аткарбай, жаман иш кылдыњ, анткени Тењир ушул кєндљ сенин Ысрайылдын єстєнљн болгон падышачылыгыњды тєбљлєккљ бекемдемек.
Эми сенин падышачылыгыњ туруштук бере албайт. Тењир Љз жєрљгєнљ жаккан кишини таап, аны Љз элине жол башчы кылып дайындады, анткени сен Тењирдин буйругун аткарган жоксуњ», – деди.
Шемуел туруп, Гилгалдан чыгып, Бенжеминдин Гибасына жљнљдє. Шабул болсо жанында калган адамдарын санады, алардын саны алты жєзгљ жакын болду.
Шабул љз уулу Жонатан менен, љздљрєнєн жанындагы кишилер менен Бенжеминдин Гибасына жљнљдє. Пелиштиликтердин кошууну Мукмаста турган эле.
Бул жерди кыйратуу єчєн, Пелишти кошуунунан єч топ бљлєнєп чыкты. Топтордун бири Опраны кљздљй кеткен жол менен Шубал аймагына кетти.
Экинчи топ Бейт-Хорон жолу менен кетти. Єчєнчє топ Себоим љрљљнєнљ, чљлдє кљздљй кеткен жол менен бет алды.
Бєт Ысрайыл жеринде темир усталар жок эле, анткени кылыч же найза жасашпасын деп, пелиштиликтер эврейлерден сактанышкан.
Бєт ысрайылдыктар сокосунун тиштерин, темир кєрљктљрєн, балталарын, керкилерин курчутууга,
соконун тишинде, темир кєрљктєн, айрынын, балтанын мизинде кетик болсо, же сынган бычагын оњдоо керек болсо, пелиштиликтерге барышы керек болчу.
Ошондуктан согуш убагында Шабул менен Жонатандын жанындагы элде кылыч да, найза да жок эле, алар Шабул менен анын уулу Жонатанда гана бар эле.
Пелиштиликтердин алдыњкы катардагы тобу Мукмас кечєєсєнљ чыкты.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible