Скрыть
12:4
12:5
12:6
12:7
12:10
12:13
12:16
12:18
12:22
Шемуел бєткєл Ысрайылга мындай деди: «Мен силердин айтканыњардын баарын угуп, єстєњљргљ падыша койдум.
Мына, падыша алдыњарда жєрљт. Мен болсо карыдым, чачым агарды. Уулдарым да силер менен. Мен жаш чагымдан ушул кєнгљ чейин силердин алдыњарда жєрдєм.
Мына мен. Тењирдин алдында, Анын майланган адамынын алдында айткыла, кимдин љгєзєн алсам, кимдин эшегин алсам, кимди таарынтсам, кимди кысымга алсам, кимден пара алып, кљзємдє жумуп, ишин жаап койсом, кайтарып берем».
Алар: «Сен бизди таарынткан жоксуњ, кысымга алган жоксуњ, эч кимден эч нерсе алган жоксуњ», – деп жооп беришти.
Анан ал аларга: «Силер менден эч нерсе тапкан жоксуњар, буга бєгєн Тењир жана Анын майланган адамы кєбљ», – деди. Алар: «Ооба, Тењир кєбљ», – дешти.
Ошондо Шемуел элге мындай деп кайрылды: «Мусаны жана Арунду дайындап, ата-бабаларыњарды Мисир жеринен алып чыккан Тењир кєбљ.
Эми болсо бул жерге келгиле, мен Тењирдин алдында Анын силерге жана ата-бабаларыњарга кылган бардык жакшы иштери жљнєндљ айтып, силерди айыптайын.
Жакып Мисирге келгенден кийин, ата-бабаларыњар Тењирге боздоп кайрылышты, ошондо Тењир Муса менен Арунду жиберди. Алар ата-бабаларыњарды Мисирден алып чыгып, ушул жерге отурукташтырышты.
Бирок алар љздљрєнєн Кудай-Тењирин унутуп коюшту. Ошондо Ал аларды хатсордук аскер башчы Сисранын, пелиштиликтердин жана Маап падышасынын колуна салып берди. Алар ата-бабаларыњар менен согушушту.
Бирок алар Тењирге: “Биз кєнљљ кылдык, анткени Тењирди таштап, Ашейралар менен Баалдарга кызмат кылдык. Эми бизди душмандарыбыздын колунан куткар, ошондо биз Сага кызмат кылабыз”, – деп боздоп кайрылышканда,
Тењир Жеруп-Баалды, Баракты, Иптахты жана Шемуелди жиберип, тегерегињердеги душмандарыњардын колунан куткарды. Анан силер коопсуз жашадыњар.
Бирок Амон падышасы Нахаштын силерге каршы келе жатканын кљргљнєњљрдљ, падышањар љзєњљрдєн Кудай-Тењирињер экенине карабастан, “Жок, биздин єстєбєздљн падыша падышачылык кылсын”, – дедињер.
Ошентип, љзєњљр тандап, љзєњљр талап кылган падышањар мына. Тењир єстєњљргљ падыша койду.
Эгер Тењирден корксоњор, Ага кызмат кылсањар, Анын єнєн уксањар, Тењирдин буйруктарына каршы чыкпасањар, анда силер да, силерге бийлик кылган падышањар да Кудай-Тењирињерди ээрчип жєрљсєњљр.
Эгер Тењирдин єнєн укпасањар, Тењирдин буйруктарына каршы чыксањар, анда Тењирдин колу ата-бабаларыњарга каршы болгондой, силерге да каршы болот.
Эми ордуњардан тургула, Тењирдин силердин кљз алдыњарда жасай турган улуу ишин кљргєлљ.
Азыр буудайды оруу-жыюу маалы эмеспи? Бирок мен Тењирге кайрылам, Ал кєн кєркєрљтєп, жамгыр тљктєрљт. Љзєњљргљ падыша сурап, Тењирдин алдында кылган кєнљљњљр кандай чоњ экенин ошондо билесињер жана кљрљсєњљр».
Шемуел Тењирге кайрылды. Тењир ошол кєнє кєн кєркєрљтєп, жамгыр тљктєрдє. Ошондо бєт эл Тењирден жана Шемуелден абдан коркуп калды.
Бєт эл Шемуелге кайрылды: «Биз љлєп калбашыбыз єчєн, Кудай Тењирињдин алдында кулдарыњ єчєн сыйына кљр, анткени љзєбєзгљ падыша сурап, кєнљљлљрєбєздєн єстєнљ кєнљљ кошуп алдык».
Шемуел элге мындай деп жооп берди: «Коркпогула, силер кєнљљ кылдыњар, бирок Тењирден четтебегиле, Тењирге жан-дилињер менен кызмат кылгыла.
Эч нерсеге жарабаган жасалма кудайларга кайрылбагыла, аларды ээрчибегиле, алар куткарбайт, пайда алып келбейт, анткени алар – эч нерсеге арзыбаган нерселер.
Тењир болсо Љзєнєн улуу ысымы єчєн Љз элин таштабайт, анткени Тењир силерди Љз каалоосу менен Љз эли кылып тандап алган.
Мен да силер єчєн сыйынуумду токтотуп, Тењирдин алдында кєнљљлєє болууга љзємљ жол бербейм, силерди жакшы, тєз жолго багыттайм.
Негизгиси, Тењирден корккула, Ага жан-дилињер менен, чын жєрљктљн кызмат кылгыла, анткени Анын силер єчєн кандай улуу иштерди кылганын кљрдєњљр.
Эгерде силер жамандык кыла турган болсоњор, анда падышањар да, љзєњљр да љлљсєњљр».
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible