Скрыть
4:7
4:8
4:12
4:15
4:16
4:17
4:18
4:19
4:22
4:23
4:27
4:28
4:33
Ошентип, Сулайман бєт Ысрайылга падыша болуп турду.
Анын кол астындагы башкаруучулары мына булар эле: ыйык кызмат кылуучу: Садоктун уулу Азария.
Катчылар: Шиши уулдары Элихореп менен Акия. Тарыхчы: Акилут уулу Жошапат.
Аскер башчы: Жойат уулу Беная. Ыйык кызмат кылуучулар: Садок менен Абыйатар.
Натан уулу Азария – дубан кызматчылардын єстєнљн башчы, ыйык кызмат кылуучу Натандын уулу Забут – падышанын досу.
Падыша сарайынын башчысы – Акишар, салык жыйноочулардын башчысы – Абда уулу Адонурам.
Сулаймандын бєткєл Ысрайылга койгон он эки башкаруучусу бар эле, алар падышага, анын єйєнљ азык-тєлєк жеткирип турушчу. Ар бири жыл сайын бир айга жеткидей азык жеткирчє.
Алардын аттары: Эпрайым тоосун Хур уулу,
Макасты, Шаалбимди, Бейт-Шемешти, Эйлонду жана Бейт-Кананды Декер уулу,
Арубатты Хесет уулу башкарчу. Сохо менен бєт Хейпер жерин да ал башкарчу.
Бєтєн Напат-Дорду Абинадап уулу башкарчу. Сулаймандын кызы Тафат анын аялы эле.
Акилут уулу Баана Таанахты, Мегидону, Изрейелдин тљмљн жагындагы Саретандын жанындагы Бейт-Шейанды, Бейт-Шейандан Абел-Мекелге чейинки жерлерди, атєгєл, Жокмаамдын ары жагындагы жерлерди да башкарчу.
Гебер уулу Гилаттын Рамотун башкарчу. Анын карамагында Менашенин уулу Жайырдын Гилаттагы кыштактары бар эле. Ошондой эле анын карамагына Башандагы Аргоп дубаны дубалдуу жана жез кулпулуу алтымыш чоњ шаары менен тиешелєє эле.
Маханайимди Идо уулу Акинадап башкарчу.
Напталы жерин Акимаас башкарчу. Ал Сулаймандын кызы Басематты аялдыкка алган.
Бейалот жана Ашыр жерин Хушайдын уулу Баана башкарчу.
Исахар жерин Паруахтын уулу Жошапат башкарчу.
Бенжемин жерин Эйланын уулу Шимей башкарчу.
Гилат жерин, Амор падышасы Сихондун жерин жана Башан падышасы Огдун жерин Ури уулу Гебер башкарчу.
Дењиз жээгиндеги кумдай кљп Жєйєт менен Ысрайыл ичип-жеп, кљњєл ачып жатты.
Сулайман Эфрат дарыясынан Пелишти жерине чейинки, Мисир жерине чейинки бєт падышачылыктарга ээлик кылды. Алар Сулаймандын кљзє љткљнчљ кызмат кылып, тартуу алып келип турушту.
Сулаймандын бир кєнкє азык-тєлєгє отуз кор буудай унунан, алтымыш кор башка ундан,
бугулардан, жейрендерден, бљкљндљрдљн жана семиртилген канаттуулардан тышкары бордолгон он љгєздљн, жайыттан алынган жыйырма љгєздљн, жєз койдон турган.
Анткени ал дарыянын берки љйєзєндљгє бардык жерге, Типсактан Азага чейин, дарыянын берки љйєзєндљгє бардык падышаларга єстљмдєк кылды жана тегерегиндеги бардык љлкљлљр менен тынчтыкта болду.
Сулаймандын кљзє љткљнчљ, Дандан Бейер-Шебага чейин жаткан Ысрайыл менен Жєйєт эли љздљрєнєн анжыр жыгачынын, жєзєм багынын астында бейкапар жашады.
Сулаймандын майдан арабага чегилген аттары єчєн кырк мињ мамысы, аттары єчєн он эки мињ мамысы бар эле.
Ошол башкаруучулардын ар бири љзєнљ белгиленген айда Сулайман падышанын дасторконуна тиешелєє болгон бардык нерселерди жеткирип турушту, аны эч нерсеге муктаж кылышкан жок.
Падыша конуш алган жерге ар бири љз кезеги менен аттарга, качырларга арпа, саман жеткирип турушту.
Кудай Сулайманга дењиз жээгиндеги кумдай кљп акылмандык, даанышмандык, кеменгерлик берди.
Сулаймандын акылмандуулугу чыгыш уулдарынын бєт акылмандуулугунан жана мисирликтердин бєт акылмандуулугунан жогору эле.
Ал бардык адамдардан акылдуу болчу, акылы эзрахилик Эйтандан, Эйман, Калкол, Дарда, Махол уулдарынан алда канча љйдљ болчу. Тегерек-четтеги бардык элдерге аты чыкты.
Ал єч мињ накыл сљз айткан, анын бир мињ беш ыры бар эле.
Ошондой эле дарактар жљнєндљ, Лебанондогу кедр жыгачынан баштап дубалга жабышып љсєєчє иссопко чейин айткан. Жаныбарлар, канаттуулар, сойлоп жєрєєчєлљр жана балыктар жљнєндљ айткан.
Сулаймандын акылмандыгы жљнєндљ уккан жер єстєндљгє бардык падышачылыктардан, бардык элдерден анын акылмандуулугун угуу єчєн келип турушчу.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible