Скрыть
17:2
17:3
17:5
17:6
17:7
17:8
17:11
17:13
17:14
17:15
17:16
17:17
17:18
17:24
Гилат тургундарынын бири тишпилик Илияс пайгамбар Ахапка: «Мен алдында турган Ысрайылдын Кудай-Тењири тирєє! Ушул жылдары, менин сљзєм боюнча шєєдєрєм тєшпљйт, жамгыр жаабайт», – деди.
Тењирден ага мындай сљз болду:
«Бул жерден чыгып, чыгышка бурулуп, Иордандын каршысындагы Керит суусунун жанына жашын.
Сен ошол суудан ичесињ, сени багууну Мен каргаларга буйрудум».
Ал барып, Тењирдин айтканындай кылды. Иордандын каршысындагы Керит суусунун боюна барып токтоду.
Каргалар ага эртењ менен да, кечинде да нан жана эт алып келип турушту, сууну болсо ал агын суудан ичип турду.
Бир аз убакыт љткљндљн кийин, агын суу какшыды, анткени жерге жамгыр жааган эмес эле.
Ошондо ага Тењирден сљз болду:
«Тур, Сидондун Сарепат шаарына барып, ошол жерде кал. Мен ал жердеги бир жесир аялга сени багууну буйрудум».
Ал туруп, Сарепатка жљнљдє. Шаар дарбазасына келсе, ошол жерде бир жесир аял отун терип жєрєптєр. Илияс аны чакырып: «Мага ичкенге кичине суу берчи», – деди.
Ошондо ал аял суу алып келгени кетти. Илияс анын артынан кыйкырды: «Мага бир кесим нан да ала келчи».
Аял мындай деди: «Сенин Кудай-Тењирињ тирєє! Менде нан жок, жыгач челекте бир ууч гана ун, кумурада бир аз май бар. Бир аз чырпык терип алып, уулум экљљбєзгљ тамак даярдайм. Ошону жейбиз да љлљбєз».
Ошондо Илияс ага мындай деди: «Коркпо, барып, љзєњ айтканды жаса. Бирок адегенде мага ошондон кичине ачыткысыз нан жасап алып кел. Балањ менен љзєњљ андан кийин жасайсыњ.
Анткени Ысрайылдын Кудай-Тењири мындай дейт: “Тењир жерге жамгыр жаадырган кєнгљ чейин єкљктљгє ун тєгљнбљйт, кумурадагы май бљксљрбљйт”».
Аял барып, Илияс айткандай кылды. Илияс, аял жана анын єй-бєлљсє бир топ убакыт жан багышты.
Тењирдин Илияс аркылуу айткан сљзє боюнча єкљктљгє ун тєгљнгљн жок, кумурадагы май бљксљргљн жок.
Ушундан кийин ал аялдын, єйдєн ээсинин, баласы ооруп калды. Оорусу катуу болгондуктан, анын дем алуусу токтоп калды.
Ошондо аял Илияска: «Кудайдын кишиси, мага кандай каршылыгыњ бар? Сен менин кєнљљлљрємдє эсиме салып, баламды љлтєргљнє келдињби?» – деди.
Илияс аялга: «Мага уулуњду бер», – деди. Анан ал аялдын колунан баланы алып, љзє жашаган єстєнкє бљлмљгљ алып барып, тљшљгєнљ жаткырды.
Анан Тењирди чакырып, мындай деди: «Кудай-Тењирим! Мен єйєндљ жашап жаткан бул жесир аялга да жамандык кылып, уулун љлтєрєп коёсуњбу?»
Анан ал баланын єстєнљ єч жолу жатып, Тењирди чакырып, мындай деди: «Кудай-Тењирим! Бул баланын жаны љзєнљ кайтсын!»
Тењир Илиястын єнєн укту. Баланын жаны љзєнљ кайтып келди, ал тирилди.
Илияс баланы љз бљлмљсєнљн алып тєшєп, энесине берип: «Карачы, сенин уулуњ тирєє», – деди.
Ошондо ал аял Илияска мындай деди: «Сенин Кудайдын кишиси экенињди, сен, чын эле, Тењирдин сљзєн сєйлљп жатканыњды мен эми билдим».
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible