Скрыть
14:1
14:4
14:5
14:6
14:11
14:12
14:20
14:28
Ошол убакта Жаробамдын уулу Абия ооруп калды.
Жаробам аялына мындай деди: «Тур, менин аялым экенињди тааный албагыдай болуп кийин да, Шилого жљнљ. Ал жерде Акия деген пайгамбар бар. Ал менин ушул элге падыша болорумду алдын ала айткан.
Он нан, бир нече токоч, бир кумура бал алып, ага баргын. Ал сага баланын эмне болорун айтат».
Жаробамдын аялы ошондой кылды. Турду да, Шилого бет алып, Акиянын єйєнљ келди. Акия карып, кљзє кљрбљй калган эле.
Ошондо Тењир Акияга: «Сага Жаробамдын аялы уулу жљнєндљ сураганы келе жатат, анткени ал ооруп жатат. Ага ушундай, ушундай деп айт. Ал башкача кийинип келет», – деди.
Аял эшиктен киргенде, Акия анын баскан кадамынын дабышын угуп, мындай деди: «Кир, Жаробамдын аялы. Башкача кийингениње эмне себеп болду? Менин сага айта турган жаман кабарым бар.
Жаробамга барып айт: Ысрайылдын Кудай-Тењири мындай дейт: “Мен сени жљнљкљй элдин арасынан кљтљрєп, Љзємдєн Ысрайыл элиме жол башчы койгом.
Дљљттєн тукумунан падышачылыкты тартып алып, аны сага бердим. Сен болсо Менин осуяттарымды аткарган, Менин алдымда Мага жаккан гана иштерди кылып, Мени чын жєрљгє менен ээрчиген кулум Дљљттљй болгон жоксуњ.
Сен љзєњдљн мурункулардын баарынан жаман иш кылдыњ. Мени четке кагып, љзєњљ моло таштарды жана жасалма кудайларды жасап, Мени каарданттыњ.
Бул єчєн Мен Жаробамдын тукумуна каран тєн тєшєрљм, Жаробамдын эркек аттууларынын баарын, камактагыларын да, эркиндиктегилерин да кырам, таштандыны шыпыргандай, Жаробамдын тукумун да шыпырып салам.
Шаарда Жаробамдын тукумунан кимиси љлсљ да, аны иттер жейт, талаада љлгљндљрєн асман куштары чокуп жейт”. Анткени Тењир ушинтип айтты.
Тур, єйєњљ бар, шаарга кирерињ менен балањ љлљт.
Бєт Ысрайыл аза кєтєп, аны кљргљ коёт, анткени Жаробамдын тукумунан ошол гана кљргљ кирет. Анткени андан, Жаробамдын тукумунан Ысрайылдын Кудай-Тењиринин алдында жакшы нерсе табылды.
Тењир Ысрайылга падыша коёт, ал Жаробамдын ушул кєнє тљрљлгљн тукумун да, кийин тљрљлгљн тукумун да жок кылат. Бул абдан жакын калды.
Тењир Ысрайылды талкалайт, ал сууда термелген камыштай болот, ата-бабаларына берген бул асыл жерден ысрайылдыктарды алып ыргытат, љздљрєнљ буркандарды жасап, Тењирди каардантышкандыгы єчєн, аларды дарыядан ары чачыратат.
Жаробамдын кылган кєнљљлљрє єчєн жана ал љз кєнљљлљрє менен бєт Ысрайылды кєнљљгљ батыргандыгы єчєн Тењир Ысрайылды таштап салат».
Жаробамдын аялы туруп, єйєн кљздљй бет алып, Тирса шаарына келди. Ал єйєнєн босогосун жањы гана аттаганда, баласы љлєп калды.
Тењирдин Љз кулу Акия пайгамбар аркылуу айткан сљзє боюнча бєт Ысрайыл аза кєтєп, аны кљргљ койду.
Жаробамдын кандай согуш жєргєзєп, кандай падышачылык кылганы жана башка иштери Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.
Жаробам жыйырма эки жыл падышачылык кылды. Ал ата-бабаларына кошулду, анын ордуна уулу Надап такка отурду.
Сулаймандын уулу Рехабам Жєйєт жеринде падышачылык кылды. Тењир Љзєнєн ысымы болуп турушу єчєн Ысрайыл урууларынын ичинен тандап алган Иерусалим шаарында Рехабам он жети жыл падышачылык кылды. Ал такка отурган кезде кырк бир жашта эле. Анын энеси Наама деген амондук аял эле.
Жєйєт Тењирге жакпаган иштерди кылып, ата-бабаларынан кљбєрљљк кєнљљ кылып, Тењирди каардантты.
Алар ар кандай бийик жерлерге, кљлљкљлєє дарактардын астына бутканаларды куруп, балбалдарды, Ашейра бурканын орнотушту.
Ушул жерде бузулгандар да бар эле, алар Ысрайыл уулдарынын алдынан Тењир кууп чыккан элдердин бардык жийиркеничтєє иштерин жасашчу.
Рехабамдын падышачылыгынын бешинчи жылы Мисир падышасы Шишак Иерусалимге кол салып,
Тењир єйєндљгє, падыша сарайындагы асыл буюмдардын баарын алды. Сулайман жасаган алтын калкандарды да алды.
Рехабам падыша алардын ордуна жезден калкандарды жасап, аларды падыша сарайын кайтарган сакчылардын башчыларынын колуна берди.
Падыша Тењир єйєнљ бара жатканда, аларды сакчылар кљтљрєп алышчу, анан кайра сакчылар єйєнљ алып барып коюшчу.
Рехабам жљнєндљ жана анын бєт иштери жљнєндљ Жєйєт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.
Рехабам менен Жаробамдын ортосунда дайыма согуш болуп турган.
Рехабам љлєп, ата-бабаларына кошулду. Анын сљљгє Дљљттєн шаарына коюлду. Анын энеси Наама деген амондук аял эле. Анын ордуна уулу Абиям такка отурду.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible