Скрыть
12:3
12:4
12:9
12:13
12:14
12:23
12:26
12:27
12:30
Рехабам Шекемге кетти, анткени аны такка отургузуу єчєн, бєт Ысрайыл эли Шекемге келди.
Сулайман падышадан качып, дагы эле Мисирде жєргљн Небат уулу Жаробам бул жљнєндљ угуп, Мисирден кайтып келди.
Киши жиберип, аны чакыртышты. Ошондо Жаробам жана ысрайылдыктардын бєт жамааты Рехабамга келип, мындай деп айтышты:
«Сенин атањ биздин мойнубузга оор моюнтурук салган, эми сен атањ жєктљгљн оор жумушту, мойнубузга салган оор моюнтурукту жењилдет, ошондо биз сага кызмат кылабыз».
Рехабам аларга: «Баргыла да, єч кєндљн кийин мага кайра келгиле», – деди. Эл тарап кетти.
Рехабам падыша атасы Сулайман тирєє кезинде анын алдында жєргљн карыялар менен кењешип: «Бул элге эмне деп жооп берейин? Кандай кењеш бересињер?» – деди.
Алар ага: «Эгер сен ушул кєнє бул элге кул болуп, аларга кызмат кылсањ, аларды ыраазы кылсањ, аларга жакшы сљздљрдє айтсањ, анда алар тєбљлєккљ сага кул болушат», – деп айтышты.
Бирок ал карылардын айткан кењешин четке какты. Ал љзє менен бирге љскљн, алдында кызмат кылган жаштар менен кењешти.
Аларга мындай деди: «“Атањ мойнубузга салган моюнтурукту жењилдет”, – деген бул элге эмне деп жооп берейин? Кандай кењеш бересињер?»
Аны менен бирге љскљн жаштар ага мындай дешти: «“Атањ мойнубузга оор моюнтурук салган, сен аны жењилдет”, – деп айткан элге: “Менин чыпалагым атамдын белинен жоонураак.
Атам силердин мойнуњарга оор моюнтурук салып эзген болсо, мен аны андан бетер оорлотом. Атам силерди камчы менен жазалаган, а мен силерди тикенек менен жазалайм”, – деп айт».
Падышанын «Yч кєндљн кийин мага келгиле» деген буйругу боюнча єчєнчє кєнє Жаробам жана бєт эл Рехабамга келишти.
Падыша элге катаал жооп берди, карыялардын берген кењешин четке какты.
Ал жаш адамдардын кењеши менен: «Менин атам силердин мойнуњарга оор моюнтурук салган, а мен аны андан бетер оорлотом. Атам силерди камчы менен жазалаган, а мен силерди тикенек менен жазалайм», – деди.
Падыша элге кулак салган жок, анткени Тењирдин шилолук Акия аркылуу Небат уулу Жаробамга айткан сљзє ордунан чыгышы єчєн Тењир тарабынан ушундай белгиленген эле.
Бєт ысрайылдыктар падышанын укпай койгонун кљрєштє. Ошондо эл падышага: «Дљљттљ биздин кайсы бљлєгєбєз бар эле? Жышайдын уулунда єлєшєбєз жок. Ысрайыл, љз-љз чатырыња жљнљ! Дљљт, эми сен љз тукумуњду бил!» – деп айтты. Ошентип, Ысрайыл љз чатырларына тарады.
Рехабам Жєйєттєн шаарларында жашаган Ысрайыл уулдарына гана падышачылык кылды.
Рехабам падыша салык жыйноочулардын башчысы Адонурамды жиберди, бирок ысрайылдыктар аны таш барањга алып љлтєрєп салышты. Рехабам падыша Иерусалимге качып кетиш єчєн, шашылыш тєрдљ майдан арабага тєштє.
Ысрайыл ушул кєнгљ чейин Дљљттєн тукумуна каршы.
Ысрайылдыктар Жаробамдын кайтып келгенин угушканда, киши жиберип, аны жыйынга чакыртышып, ысрайылдыктарга падыша кылып алышты. Дљљт тарапта Жєйєт жана Бенжемин урууларынан башка эч ким калган жок.
Рехабам Иерусалимге келип, Ысрайыл уруулары менен согушуп, Сулаймандын уулу Рехабамга падышачылыкты кайтарыш єчєн, бєткєл Жєйєт уруусунан жана Бенжемин уруусунан тандалган жєз сексен мињ аскер топтоду.
Кудайдын кишиси Шемайга Кудайдан мындай сљз айтылды:
«Жєйєт падышасы Сулаймандын уулу Рехабамга, Жєйєт жана Бенжемин урууларына жана калган элге айт:
Тењир мындай дейт: “Бир тууганыњар Ысрайыл уулдарына барбагыла жана согуш баштабагыла. Ар бирињер єйєњљргљ кайткыла, анткени бул Менден болду”». Алар Тењирдин тилин алышып, Тењирдин сљзє боюнча кайра кайтышты.
Жаробам Эпрайым тоосундагы Шекемди чеп куруп бекемдеп, ошол жерге отурукташты. Ал жерден чыгып, Пенуелди чеп куруп бекемдеди.
Анан Жаробам љз жєрљгєндљ мындай деди: «Падышачылык Дљљттєн тукумуна кайра љтєп кетиши ыктымал.
Эгерде бул эл Иерусалимдеги Тењир єйєнљ курмандык чалууга бара турган болсо, анда бул элдин жєрљгє љз љкємдарына, Жєйєт падышасы Рехабамга тартылып кетет. Анан мени љлтєрєп, Жєйєт падышасы Рехабамга кайра кетип калышат».
Анан падыша кењешип, алтындан эки букачар жасап, элге: «Силерге Иерусалимге баруунун кереги жок. Ысрайыл, сени Мисир жеринен алып чыккан кудайларыњ мына!» – деди.
Анын бирин Бейтелге, экинчисин Данга койду.
Бул элди кєнљљгљ тєрттє, анткени эл Бейтелге, атєгєл, Данга да барып турду.
Ал бийик жерге буткана курду да, Леби уулдарынан эмес, эл ичинен буткана кызматчыларын койду.
Жєйєт жериндеги майрамга окшош кылып, Жаробам сегизинчи айдын он бешинчи кєнєн майрам кылып белгиледи. Курмандык чалынуучу жайда курмандыктарды чалды. Бейтелде да љзє жасаган букачарларга курмандык чалды. Ал Бейтелге курган бутканага кызматчыларды койду.
Ал Бейтелге курган курмандык чалынуучу жайда љз каалоосу менен белгилеп алган сегизинчи айдын он бешинчи кєнє курмандыктарды чалды. Ысрайыл уулдары єчєн майрам белгилеп, жыпар жыттуу зат тєтљтєш єчєн, курмандык чалынуучу жайдын жанына келди.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible