Скрыть
5:4
5:5
5:7
5:8
5:9
5:12
5:13
5:14
5:15
5:18
5:21
5:24
Ысрайылдын тун уулу Рубейиндин уулдары (Рубейин Ысрайылдын тун уулу болгон, бирок ал љз атасынын тљшљгєн булгагандыктан, анын тунгучтугу Ысрайылдын уулу Жусуптун уулдарына берилген, ал санжырага тунгуч болуп жазылган эмес.
Жєйєт љз бир туугандарынан алда канча кєчтєє болсо да, анын уруусунан жол башчы чыкса да, тунгучтук Жусупка ыйгарылган эле).
Ысрайылдын туну Рубейиндин уулдары: Ханох, Палу, Хесрон жана Карми.
Жоелдин уулдары: Шемая, Шемаянын уулу – Гок, Гоктун уулу – Шимей,
Шимейдин уулу – Миха, Миханын уулу – Рейай, Рейайдын уулу – Баал,
Баалдын уулу – Бейра, аны Ашур падышасы Тиглат-Пилесер туткундап кеткен. Ал рубейиндиктердин тљрљсє болгон.
Уруулары боюнча, санжырасы боюнча анын бир туугандары: биринчиси – Жейел, анан Захария менен Бела.
Бела – Азаздын уулу, Азаз – Шеманын уулу, Шема – Жоелдин уулу. Ал Небо менен Баал-Мейонго чейин жаткан Аройерде жашаган.
Чыгышта болсо ал Эфрат дарыясынан бери жаткан чљлгљ чейинки жерлерде жашаган, анткени Гилат жеринде алардын малы љтљ кљп болчу.
Шабулдун доорунда алар агрылыктар менен согушуп, аларды жењип алышкан. Анан алар Гилаттын чыгыш тарабында, агрылыктардын чатырларында жашап калышкан.
Гаттын уулдары алардын каршысында, Башан жеринде Салхага чейин жайгашышкан.
Башанда Жоел башчы болгон, Шапам экинчи, андан соњ Жаанай менен Шапат турган.
Алардын бир туугандарынан жети уруу тараган: Михаел, Мешулам, Шеба, Жорай, Жаакан, Зия жана Эйбер.
Булар – Хуринин уулу Абыкайылдын уулдары. Хури – Жаройахтын уулу, Жаройах – Гилаттын уулу, Гилат – Михаелдин уулу, Михаел – Жешишайдын уулу, Жешишай – Жахдонун уулу, Жахдо – Бузанын уулу.
Абдиелдин уулу Аки љз уруусунун башчысы болгон. Абдиел – Гунинин уулу.
Алар Гилатта, Башанда жана анын карамагындагы шаарларда, Шарондун бардык аймактарынын четине чейин жайгашышкан.
Булардын бардыгы Жєйєт падышасы Жотамдын жана Ысрайыл падышасы Жаробамдын тушунда каттоого кирген.
Рубейин менен Гат уулдарынан, Менашенин жарым уруусунан калкан жана кылыч кљтљргљн, жаа тарткан, согушууга єйрљтєлєп, майданга аттанган жоокерлердин саны кырк тљрт мињ жети жєз алтымыш болду.
Алар агрылыктар менен, Жетур менен, Напиш менен, Нодап менен согушкан.
Алар агрылыктар менен согушканда, жардам берилди, ошондо алардын колуна агрылыктар да, алардын бардык нерселери да салынып берилди. Анткени согуш учурунда алар Кудайга жалынышты, жардам сурашты. Ага таянышкандыктан, Ал аларды укту.
Алар агрылыктардын элєє мињ тљљсєн, эки жєз элєє мињ майда жандыгын, эки мињ эшегин, жєз мињ адамын туткундап кетишти.
Бул салгылашуу Кудайдан болгондуктан, љлтєрєлгљндљр љтљ кљп эле. Љздљрє туткундалып кеткенче, алардын жеринде жашап турушту.
Менашенин жарым уруусунан тараган уруулар ошол жерде Башандан тартып Баал-Хермонго – Сенирге (Хермон тоосуна) чейин жайгашышкан. Алар да љтљ кљп болгон.
Алардын урууларынын уруу башчылары мына булар: Эйпер, Жиши, Элиел, Азриел, Жеремия, Одабия жана Жахдиел. Булар кєч-кубаттуу, атактуу адамдар болгон, љз урууларын башкарып турган.
Бирок алар љз ата-бабаларынын Кудайына каршы кєнљљ кылышты, Кудай алардын алдынан кууп чыккан ал жердеги элдердин кудайларына табынып кетишти.
Ошондо Ысрайыл Кудайы Ашур падышасы Пулдун рухун жана Ашур падышасы Тиглат-Пилесердин рухун козгоду. Ал рубейиндиктер менен гаттыктарды жана Менашенин жарым уруусун туткундап, Халах менен Хаборго, Арага жана Гозан дарыясына алып кетти. Алар ошол жерлерде бєгєнкє кєнгљ чейин жашашат.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible