Скрыть
20:3
20:8
Бир жылдан кийин, падышалар согушууга чыга турган кезде, Жойап љзєнєн аскерлери менен чыгып, амондуктардын жерин талкалай баштады, анан Рабе шаарына келип, аны курчоого алды. Дљљт болсо Иерусалимде калган. Жойап Рабени каратып алып, аны талкалады.
Дљљт алардын падышасынын башынан таажысын алды. Ал таажынын салмагы бир талант алтын, анын єстєндљ кымбат баалуу асыл таштар бар эле. Таажыны Дљљттєн башына кийгизишти. Дљљт шаардан љтљ кљп олжо алып чыкты.
Ал шаардагы кишилерди алып чыгып, араа, чот жана балта менен оор жумуштарды иштетти. Дљљт амондуктардын бардык шаарын ушундай кылды, анан бєт эли менен Иерусалимге кайтты.
Ошондон кийин Гезерде пелиштиликтер менен согуш башталды. Ошондо хушалык Сипхай Репа тукумунан болгон Сыпайды љлтєрдє. Алар багынып беришти.
Пелиштиликтер менен дагы согушушту. Ошондо Жайырдын уулу Элханан токуучу куралдын баканындай найза кљтљргљн гаттык Голийаттын бир тууганы Лахмини љлтєрдє.
Гатта дагы согуш болду. Ал жерде бир узун бойлуу киши бар эле, анын буту-колунда алтыдан манжасы, бардыгы жыйырма тљрт манжасы бар эле. Ал да Репа тукумунан болгон.
Ал Ысрайылды шылдыњдаган, бирок Дљљттєн бир тууганы Шиманын уулу Жонатан аны љлтєргљн.
Булар Гаттагы Репа тукумунан эле, алар Дљљттєн жана анын кызматчыларынын колунан љлєштє.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible