Скрыть
16:4
16:5
16:6
16:7
16:9
16:10
16:11
16:12
16:13
16:14
16:17
16:18
16:20
16:21
16:26
16:28
16:29
16:30
16:31
16:32
16:33
16:37
16:38
16:39
16:41
16:42
Алар Кудайдын келишим сандыгын алып келишип, аны Дљљт тургузган жыйын чатырынын ортосуна коюшту. Анан Кудайга арнап бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыктарды жана тынчтык курмандыктарын чалышты.
Дљљт бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыктар менен тынчтык курмандыктарын чалгандан кийин, элге Кудайдын ысымынан бата берди.
Анан бардык ысрайылдыктарга, эркектерге жана аялдарга бирден нан, бир кесимден эт, мейиз кошулган бирден таттуу токоч таратты.
Ысрайылдын Кудай-Тењирин дањктап, ыр менен мактап, ыраазычылык билдирип туруш єчєн, Тењирдин келишим сандыгынын алдына лебилерди кызматка койду.
Асапты башчы кылып койду. Арфа чертип, лира тартып туруш єчєн, экинчи катарга Захарияны, Жейелди, Шемирамотту, Жехиелди, Мататияны, Элийапты, Бенаяны, Обейт-Эдомду жана Жейелди койду. Жез табак кагып турушу єчєн Асапты койду.
Ал эми ыйык кызмат кылуучулар Беная менен Жехазиелди Кудайдын келишим сандыгынын алдында дайыма сурнай тартып туруу єчєн койду.
Ошол кєнє Дљљт биринчи жолу Асапка жана анын бир туугандарына Тењирди дањктап ырдап туруш єчєн, бул забурду тапшырды:
«Тењирди дањктагыла, Анын ысымын жар салгыла, Анын иштерин бєт элдерге жарыялагыла.
Ага ырдагыла, Аны дањктагыла, Анын бардык кереметтери жљнєндљ айткыла.
Анын ыйык ысымы менен мактангыла. Тењирди издегендердин жєрљгє кубансын.
Тењирди жана Анын кєчєн издегиле, Анын жєзєн тынымсыз издегиле.
Ысрайыл тукуму, Анын кулдары, Жакыптын уулдары, Анын тандалгандары, силер,
Ал жасаган кереметтерди, Анын жышаандарын жана Анын оозунан чыккан љкємдљрєн унутпагыла.
Ал биздин Кудай-Тењирибиз. Анын љкємдљрє бєт жер жєзєндљ.
Анын келишимин, Анын муундан муунга осуят кылган сљзєн унутпагыла.
Ал сљз – Ыбрайымга берилген осуят, Ыскакка берилген ант.
Аны Жакыпка мыйзам кылып, Ысрайылга тєбљлєк келишим кылып берем.
Ал: “Мен сага Канаан жерин мураска берем”, – деп айткан.
Ошол убакта алардын саны аз, љтљ эле аз эле. Ал жерде алар келгин эл болуп жашап турушкан.
Алар бир элден бир элге, бир љлкљдљн бир љлкљгљ барып жер кезишкен.
Бирок Ал эч кимдин аларды кордоосуна жол берген эмес, алар єчєн падышаларды ашкере кылган:
“Менин майлангандарыма тийбегиле, Менин пайгамбарларыма жамандык кылбагыла”.
Бєт жер жєзє, Тењирге ырда, Анын куткаруусун кєн сайын жарыялагыла.
Анын дањкын бутпарастарга, кереметтерин жер жєзєндљгє бардык элдерге жарыя кылгыла.
Анткени Тењир улуу жана мактоого татыктуу, бардык кудайлардан коркунучтуу.
Анткени башка элдердин кудайлары – болбогон нерсе. Ал эми Тењир асманды жараткан.
Дањк менен улуулук Анын алдында, кудурет жана кубаныч Ал турган жерде.
Бєт элдер, Тењирге Љзєнљ тиешелєєсєн бергиле, Тењирди дањктагыла жана урматтагыла.
Тењирди дањктагыла, Анын ысымын дањазалагыла. Тартуу алып, Анын алдына баргыла, Ага Љзєнєн ыйык жайында табынгыла.
Бєт жер жєзє, Анын алдында титире, анткени Ал ааламды негиздеген, ал солк этпейт.
Асман кубансын, жер шаттансын, элдер: “Тењир падышачылык кылып жатат!” – дешсин.
Дењиз шарпылдасын, анын ичиндегилер кубансын. Талаа жана андагы бардык нерселер кубансын.
Токойдогу дарактардын бардыгы Тењирдин алдында кубанышсын, анткени Тењир жерди соттогону келе жатат.
Тењирди дањктагыла, анткени Анын ырайымы тєбљлєктєє.
“Кудайыбыз, Куткаруучубуз, бизди куткар! Бизди чогулт, бизди башка элдерден куткар, биз Сенин ыйык ысымыњды дањктайлы, Сенин дањкыњ менен мактаналы!” – дегиле.
Ысрайылдын Кудай-Тењири кылымдан кылымга дањкталсын!» Ошондо бєт эл: «Оомийин! Тењирди дањктагыла!» – деди.
Келишим сандыгынын алдында дайыма, ар кєнє кызмат кылып туруш єчєн, Асапты жана анын бир туугандарын Дљљт ошол жерге калтырды.
Обейт-Эдомду жана анын бир туугандарын, алтымыш сегиз адамды калтырды. Жедутундун уулу Обейт-Эдомду жана Хосаны дарбазачы кылып койду.
Ал эми ыйык кызмат кылуучу Садок менен анын ыйык кызмат кылуучу бир туугандарын Гибон дљњсљљсєндљгє Кудай єйєнєн алдына,
курмандык чалынуучу жайда дайыма, ар кєнє эртењ менен жана кечинде Тењирге арнап бєтєндљй љрттљлєєчє курмандык љрттљп туруу єчєн, Тењирдин Ысрайылга берген мыйзамында жазылгандын бардыгын аткарып туруш єчєн койду.
Алар менен бирге Эйманды, Жедутунду жана Тењирди дањктап туруш єчєн, аттары аталып, атайы дайындалган дагы башка тандалган адамдарды койду, анткени Тењирдин ырайымы кылымдардан кылымдарга!
Алардын алдында Эйман менен Жедутун сурнай тартып, жез табак кагып, ар тєрдєє кєє аспаптарды чертип, Кудайды дањктап турушту. Ал эми Жедутундун уулдарын дарбазанын алдына койду.
Ошондон кийин бардык эл, ар ким љз єйєнљ кайтты. Дљљт да љз єй-бєлљсєнљ бата бериш єчєн кайтып келди.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible